Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №3

 

« Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын №59 Бюджеттик кодексинин 78-беренесин, 115-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаардык кенешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Базар-Коргон шаарынын депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXXIII- сессиясы токтом кылат :

 

1.     Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын берген билдирүүсүнүн негизинде 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгүдөй отургузулсун.

        а) Максаттуу трансферт +3294,2 миң сом

        б) 70111-разделдин 2215-статьясына +3294,2 миң сомго

 

Жалпысы болуп +3294,2 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдин элементтерине отургузулсун.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
  2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К.К. Анарбеков.