Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи уюштуруу сессиясы

 

2024-жылдын 28-ноябры № 3

 Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын “Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасын  шайлоо боюнча жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы  жөнүндөгү” №3 протоколун бекитүү  жөнүндө.

 

    Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төрайымынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1.    Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын “Орозбеков айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы  жөнүндөгү” №3 протоколу бекитилсин.
  2. Орозбеков  айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп                Каримов Камалидин Талипович шайланды деп эсептелсин.                                                                                                   

Уюштуруу сессиясынын төрайымы

М.Айдарова

Орозбеков  айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын төрагасын (төрайымын)  шайлоо боюнча эсептөө  комиссиясынын

                                                             № 3 протколу

Учкун айылы.                                                                                   28.11. 2024-жыл

 

Орозбеков  айыл аймагынын айылдык кеңешинин  төрагасын(төрайымын) шайлоо боюнча жабык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө.

Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы төмөнкүлөрдү белгиледи.

                           Шайлоочулардын тизмесине киргизилген

  1. Орозбеков айылдык кеңешинин депутаттарынын саны-31
  2. Эсептөө комиссиясы алган бюллетендердин саны-31
  3. Шайлоочуларга берилген бюллетендердин саны-28
  4. Жок кылынган бюллетендердин саны-3
  5. Добуш берүүчү ящиктеги бюллетендердин саны-28
  6. Жарактуу бюллетендердин саны-28
  7. Жараксыз бюллетендердин саны-0

№

      Талапкердин Ф.А.А.

Ар бир талапкерге берилген добуштардын саны

 

 Колдонгону

Каршы

1

Бактыбаев Абдувахид

11

0

 

2

Каримов Камалидин

17

0

 

  1.   Шайлоонун жыйынтыгы менен эсептөө  комиссиясы Каримов Камалидин Талиповичти

          Орозбеков айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагалыгына шайланды деп эсептейт.

 

  1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы:                      Каңдыбева П.К.
  2. Эсептөө комиссиясынын катчысы:                      Абдуллаева А.Г.    
  3. Эсептөө комиссиясынын мүчөсү:                         Ысакова Н.