ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 8
Орозбеков айыл аймагына бөлүнгөн мектеп автобустарын айыл өкмөттүн муницпалдык менчигине каттоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пункттарына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттиги тарабынан Орозбеков айыл аймагына бөлүнгөн мектеп автобустары Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
- Муниципалдык менчикке каттоого боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы А. Акматовго милдеттендирилсин.
- 2 мектеп автобусу “Күлдү” орто мектебине, “Охна” гимназия мектебине жана С. Тешеев атындагы орто мектебине Өндүрүш, Сары-Талаа жана Кудук айылдарынан келүүчү окуучуларды ташууга бекитип берилсин.
- 1 автобус Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясына, А. Жалилов атындагы башталгыч мектебине Ак-Кыя айылынан келүүчү окуучуларды жана Коксал Топтан атындагы орто мектебине Учкун, Лангар айылдарынан жана Кызыл-Булак айылынын Курулуш, Чарбак участкаларынан келүүчү окуучуларды ташууга бекитип берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |