ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 23-декабры № 10
Орозбеков айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Мажитовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 10-беренесинин 1-3-пункутуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айылынын Жоокесек-Коргон участкасынын №710 контурунан 1,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
- Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, кичи футбол аянтча куруу максатында пайдаланылсын.
- Тиешелүү иш кагаздарын даярдап, токтомдун аткарылышын камсыздоо Орозбеков айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б. Мажитовго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары Н. Ысаковага жана айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |