Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 801 токтомуна)
2025-2028-жылдарга "Кыргызстанда жасалган" УЛУТТУК ЭКСПОРТТУК ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Кыргыз Республикасынын экономикасы дүйнөлүк экономикалык системаны кайра куруунун бардык белгилерине ээ болгон кырдаал катары мүнөздөлгөн ковидден кийинки мезгилде өнүгүүдө. 2023-жылы дүйнөлүк экономика геосаясий кырдаалдын уланып жаткан чыңалуусу, логистикалык жеткирүү чынжырларынын бузулушу, санкциялар, чийки зат жана каржы рынокторундагы туруксуздук, өндүрүшкө чыгымдардын кымбатташы, инфляциянын глобалдык мүнөзү ж.б. менен мүнөздөлдү.
Кыргыз Республикасына ачык экономика катары, албетте, ушул тышкы факторлор да таасирин тийгизди. Ага карабастан өлкөнүн ички потенциалы экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берди.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Экономика олуттуу темп менен өстү жана орточо өсүш 6,9%ды (2021-ж. - 105,5%, 2022-ж. - 109,0%, 2023-ж. - 106,2%, 2024-ж. алдын ала - 108,4%) түздү, бул экономиканын туруктуулугун жана анын ковидден кийинки жана геосаясий кырдаалга акырындык менен ыңгайлашуусун айгинелеп турат.
2019-2023-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасында калктын жан башына ички дүң продукт кыйла көбөйүп, 99,2 миң сомдон 173,1 миң сомго чейин көтөрүлдү, бул АКШ доллары менен эсептегенде 1421,8 АКШ долларынан 1969,2 АКШ долларына чейинки өсүштү түздү. Бул 2021-жылдан баштап ички дүң продуктунун өсүү темпинин тездешинин натыйжасында мүмкүн болду.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 1228,9 млрд. сом суммасында түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 106,2%ды түздү (2022-ж. - 109,0%). Ички дүң продуктунун дефлятору 113,4% деңгээлинде түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-2024-жылдардагы экономикалык саясаты өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына жетүү үчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жана экономиканын тармактарын реформалоого багытталган. Кризиске каршы чараларды көрүү, башкарууну реформалоо, бизнести өнүктүрүү үчүн чөйрөнү түзүү, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү, "жашыл" экономика, социалдык өнүктүрүү, санариптештирүү, шаарларды модернизациялоо ж.б. боюнча иштер активдүү жүргүзүлдү. Ошого карабастан глобалдык экономикадагы учурдагы кырдаалды жана негизги соода өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык өсүштүн мүмкүн болуучу басаңдашын эске алуу менен өлкөнүн экспорттук саясатын кайра карап чыгуу боюнча иштер улантылды.
Өлкө экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы моделин түзүүгө багыт алды. Эгерде буга чейин экономикалык өсүш акча которууларына, айыл чарба чийки затын экспорттоого жана алтын казып алууга негизделген болсо, азыркы учурда экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы моделинде негизги көңүл индустриялаштырууга, кошумча наркы жогору болгон товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого бурулат.
Ушуга байланыштуу экспортту илгерилетүү боюнча максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана шашылыштыгын түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленген стратегиялык милдеттерге ылайык экспортту мамлекеттик колдоону жана өндүрүштүн экспорттук потенциалын стимулдаштырууну күчөтөт, ал төмөнкү багыттарда чагылдырылат:
- экспортту илгерилетүү;
- финансыларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- сапаттын улуттук инфраструктурасын жакшыртуу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматы боюнча 2023-жылы тышкы соода жүгүртүүсү 15902,8 млн. АКШ долларына жетти, бул 2022-жылга салыштырмалуу 31,9%га көп.
Экспорттун көлөмү 3385,0 млн. АКШ долларын түзүп, 50,1%га өстү. Экспорттун түзүмүндө олуттуу үлүштү алтын (37,9%), машина куруу (16,1%), азык-түлүк товарлары жана айыл чарба чийки заттары (11,7%), руда эмес материалдар (9,7%) жана башка категориялар ээлейт. Товарлардын импорту 12 517,8 млн. АКШ долларга жетип, 27,7%га өстү. Соода балансынын сальдосу терс бойдон калып, 9132,8 млн. АКШ долларга жетти.
2024-жылдын январь-август айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 10,6 млрд. АКШ долларын түздү жана 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,0%га өстү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрүнүн көлөмү 13,1%га көбөйүп жана 2,1 млрд. АКШ долларын түздү, ал эми Кыргыз Республикасына импорттук берүүлөрү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 8,1%га көбөйүп жана 8,5 млрд. АКШ долларын түздү. Товар жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 20,3%, импорттун үлүшүнө - 79,7% туура келди. Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда тышкы жана өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшү 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу экспорттук жөнөтүүлөрдүн, ошондой эле импорттук түшүүлөрдүн көбөйүшү менен камсыздалды.
Жалпысынан 2023-жылы жана 2024-жылдын 8 айындагы Кыргыз Республикасынын соодасы жалпы көлөмдүн өсүшүн көрсөттү, бирок түзүмдүк өзгөрүүлөр жана айрым товардык топтордун экспортунун төмөндөшү түрүндөгү чакырыктар экспортту диверсификациялоо жана жаңы сатып өткөрүү рынокторун издөө зарылдыгын белгилейт. Ошондой эле өлкөнүн тышкы соодасынын келечектеги натыйжаларына олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон глобалдык экономикалык тенденцияларды жана керектөөчүлөрдүн каалоолорундагы өзгөрүүлөрдү эске алуу маанилүү.
Кыргыз Республикасында айыл чарбасы азык-түлүк коопсуздугун, иш менен камсыз кылуунун деңгээлин жана жарандардын бакубаттуулугун камсыз кылууда, анын ичинде экспорттук берүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүдө маанилүү ролду ээлейт. Калктын 66%га жакыны айыл жеринде жашайт жана ишкердик субъекттеринин 62%ы айыл чарба иштерин жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматтарына ылайык бардык категориядагы чарбаларда түшүм алуу үчүн айыл чарба өсүмдүктөрү ээлеген жалпы айдоо аянты 2024-жылы 1246,7 миң гектарды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,8 миң гектарга же 0,7%га көп.
Айдоо аянттарынын чектелгендигинен улам, фермерлер кайрак жерлерди, ошондой эле айрым асылдуулугу төмөн жайыттарды тоют өсүмдүктөрү (силос) үчүн өздөштүрө башташты. Жалпысынан айдоо аянттарынын өлчөмүн көбөйтүү үлүшү менен сактоо фермерлердин жаңы технологияларды колдонууга жана ар бир гектар жерди өсүмдүк өстүрүү үчүн натыйжалуу пайдаланууга умтулуусун билдирет.
1-таблица. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү (1 га центнер) жана айдоо аянттарынын өлчөмү га менен