Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чүй айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын 34-сессиясы

 

2024-жылдын 30-июлу № 34/7

 

Чүй айылдык кеңешинде мамлекеттик тилдин колдонулуусу жөнүндө

 

2023-жылдын 17-июлу № 140 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүмүн аткарууга жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айылдык кеңешинин иш кагаздары жана токтомдору мамлекеттик тилде чыгарылсын.

2. Жооптуу катчы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

         Төрага

 

Б.О. Кыдырбаев