Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 30-июлу № 34/9

 

Чүй айылындагы жерди « Р-3 рекриациондук-ландшафттык багытындагы жерлер зонасынан» « Ц-1 калктуу конуштун борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк багыттагы жерлер» зонасына которуу жөнүндө

 

Чүй айыл аймагынын Чүй айылынын Ибраимов к.№91/1 дарегиндеги үйдүн алдында жайгашкан 200 чарчы метр жерди «Р-3 рекриациондук-ландшафттык багытындагы жерлер зонасынан» «Ц-1 калктуу конуштун борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк багыттагы жерлер» зонасына которуу үчүн берилген материалдарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 11-беренесине, «Чүй айылында жерди пайдалануу жана куруу эрежесинин» 26-беренесине, Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиясынын протоколуна «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кенеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айыл аймагынын Чүй айылынын Ибраимов к.№91/1 дарегиндеги үйдүн алдында жайгашкан 200 чарчы метр жерди «Р-3 рекриациондук-ландшафттык багытындагы жерлер зонасынан» «Ц-1 калктуу конуштун борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык ишмердүүлүк багыттагы жерлер» зонасына которууга макулдук берилсин.

2. Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы өзгөртүүнү эске алсын.

3. Жер ресурстары кызматынын Токмок-Чүй филиалындагы жерди каттоо боюнча иш-кагаздарына өзгөртүү киргизилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер комитетинин төрагасы Э. Сакаевге жүктөлсүн.

 

 

 

         Төрага

 

Кыдырбаев Б.О.