Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

ХXIX -чакырылышынын I-кезектеги сессиясынын

 

2024-жылдын 28-ноябрындагы №4 

 

Барскоон жергиликтүү кеӊешинин туруктуу

комиссияларын түзүү жѳнүндѳ

 

Жергиликтүү кеңештин регламентине ылайык, Барскоон жергиликтүү кеңешинин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди алдын-ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин айыл аймагындагы айыл өкмөт, мекеме-ишканалар тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө максатында Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Барскоон жергиликтүү кеңешинин алдында 5 багыт боюнча туруктуу комиссиялар түзүлсүн:

·       Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо комиссиясы;

·       Каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясы;

·       Муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер комиссиясы;

·       Социалдык (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо) маселелер комиссиясы;

·       Спорт жана жаштар иштери комиссиясы.

 

  1. Туруктуу комиссиялардын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:

1.

Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо комиссиясы:

 

  1. Асаналиева А.А.

комиссиянын төрайымы;

 

  1. Дюшекенова Г.К.

комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Джамакеева Т.Т.

комиссиянын мүчөсү.

2.

Каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясы:

 

1.     Букаров А.А.

комиссиянын төрагасы;

 

2.     Асылбеков К.Т.

комиссиянын мүчөсү;

 

3.     Жылдызбек у.Т.

комиссиянын мүчөсү;

 

4.     Ибаков М.О.

комиссиянын мүчөсү;

 

5.     Торгоев У.Т

комиссиянын мүчөсү.

3.

Муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер комиссиясы:

 

  1. Элебесов Л.М.

комиссиянын төрагасы;

 

  1. Турганбаев Т.С.

комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Рысмендеев Т.А.

комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Ниязбек у.К.

комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Кубанычбеков Э.К.

комиссиянын мүчөсү.

4.

Социалдык (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо) маселелер комиссиясы:

 

  1. Ыдырысова А.К.

комиссиянын төрайымы;

 

  1. Сейткан А.

комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Мусаева Г.Ү.

комиссиянын мүчөсү.

5.

Спорт жана жаштар иштери комиссиясы:

 

  1. Абдыкаев Н.М.

комиссиянын төрагасы;

 

  1. Тойматова М.К.

комиссиянын мүчөсү;

 

  1. Жумаев Б.Т.

комиссиянын мүчөсү.

  1. Туруктуу комиссиялардын төрагалары, мүчөлөрү менен биргеликте 2024-жылдын 20-декабрына чейин:
  • Жергиликтүү кеңештин перспективдүү иш планына ылайык 2025-жылга карата туруктуу комиссиялардын иш планын иштеп чыгышсын жана бекитүүгө сунушташсын;
  • Туруктуу комиссиялардын иш кагаздарын уюштурууну жана жүргүзүүнү көзөмөлгө алсын;
  • Иш пландын, кабыл алынган чечимдердин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын көзөмөлгө алышсын
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары М.Мамбеталиева тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага                                                                                  Ажыбеков Ч.А.