Редакцияот 10.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

ХXIX -чакырылышынын II-кезексиз сессиясынын

 

2024-жылдын 10-декабрындагы № 17

 

Туюк өрөөнүнөн  суу түтүктөрүн тартып келүүгѳ акча

каражатын бѳлүп берүү  жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

1. Барскоон айыл аймагындагы Барскоон айылындагы “Туюк” ѳрѳѳнүнѳн  суу түтүктѳрүн тартып келүүгѳ Жети-Ѳгүз райондук ѳнүктүрүү фондусунан бѳлүнгѳн акча каражаты толугу менен бѳлүнбѳй калгандыктан калган акча каражаты жергиликтүү бюджетин эсебинен 1 000 000 (бир миллион)  сом бѳлүнүп берилсин.

 

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик  агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик-укуктук актылар реестрине  киргизүү  үчүн жиберилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.

 

 

Тѳрага                                                                                 Ажыбеков Ч.А.