Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айылдык кеңештин 1- сессиясы

2024-жылдын 28-ноябры № 1/5

Дем берүүчү гранттын долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Сартпаев Эдик Өмүрзаковичтин дем берүүчү гранттар долбооруна катышуу жана Кызыл-Туу айылындагы “С. Абдылдаева орто мектебинин спортзалын жана чечүүчү бөлмөлөрүн ремонттоо” долбоорун биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын бюджетинин долбоору 3 933 077 (үч миллион тогуз жүз отуз уч миң жетимиш жети) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Өздүк салымы 933 077 (тогуз жүз отуз уч миң жетимиш жети) сом өлчөмүндө бекитилсин;

3. 2025-жылга дем берүүчү гранттардын долбоорун даярдоого жана ишке ашыруу үчүн Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы акча каражатын бөлсүн;

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге тапшырылсын;

5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Төрага

Ж.Ж. Султанбеков