Редакцияот 19.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз III отуруму

2024-жылдын 19-декабры № 3/17

 

Бишекек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына караштуу №100 коомдук автобус Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу ДЭУга чейин келгенине байланыштуу, Күнтуу айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, №100 коомдук автобусту Күнтуу айылынын аягына чейин жүргүзүү боюнча Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты Т.Б. Джаркынбаевдин маалыматын угуп, талкуулап Күнтуу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгына караштуу №100 коомдук автобусун Күнтуу айылынын аягына чейин узартып жүргүзүүгө макулдук берилсин;

2. Күнтуу айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.К. Джумабаева аталган маселе боюнча Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына кат жолдосун;

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Айылдык

кеңештин төрагасы

 

Ж.Ж. Султанбеков