ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 28 - чакырылышынын кезектеги 1- сессиясы
2024-жылдын 21-февралындагы № 28/1-3
”Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши”
мекемесин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ No370 Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө жарлыгы Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023- жылдын 30-мартындагы No177 «Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө» токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарын жана Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө Жобону ж.б. тиешелүү мыйзам актыларын жетекчиликке алып, Ананьево айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ананьево айыл аймагы (Ананьево, Көк-Дөбө, Чет-Байсоорун айылдары), Ж.Абдрахманов айыл аймагы (Жаркынбаев, Кароол –Дөбө айылдары) жана Өрүктү айыл аймагы (Өрүктү, Чоң – Өрүктү, Орто-Өрүктү айылдары), жалпы айыл аймактарынын айылдык кеңештерин бириктирүү жолу менен “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” болуп түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
- Мамлекеттик тилде “Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемеси
- Расмий тилде Учреждение “Местный кенеш айыльного аймака Жусуп Абдрахманова”
Кыскартылган фирмалык аталышы: - Мамлекеттик тилде: «Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» м-и. - Расмий тилде: У-е « Местный кенеш айыльного аймака Жусуп Абдрахманова »
2. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Жобосу бекитилсин.
3. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Ысык - Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Ленин көчөсү №120 болуп аныкталсын.
4. Юридикалык жактын уюштуруучусу - жергиликтүү кеңештин депутаттары.
5. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ
ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьево айылдык Кеңештин 03.07.2015-
жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда
жарыялансын.
6. Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
Төрага С.К.Мамагулов