ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы
2024-жылдын 17-апрелиндеги № 2-6
Буудай тазалоочу машинасын ижарага берүү жана элге кызмат кылуудагы тарифин бекитүү жөнүндө
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясында туруктуу комиссиялардын курамын карап жана талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:
- Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган буудай тазалоочу машинасын элге кызмат кылуу максатында Кароол Дөбө айылынын “Төлөйкөн-Ата урпактары” айыл чарба коммерциялык кооперативине ижарага 5-жылдык мөөнөт менен өткөрүлүп берилсин.
- Ижара акысы “Төлөйкөн-Ата урпактары” айыл чарба коммерциялык кооперативине 2 000 (эки мин сом өлчөмөндө) төлөө жагы келишимде көрсөтүү менен түзүлсүн.
- Буудай тазалоочу машинасынын элге кызмат көрсөтүү акысы 800 (сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Ананьев айылдык Кеңештин 03.07.2015-жылдын №7-токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков