ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 2- сессиясы
2024-жылдын 15-апрелиндеги № 2-10
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байгазаковдун маалыматын, сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексине ылайык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнүн жана ишинин жана бирдиктүү тартибин ишке ашыруу максатында Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттык иш, мыйзамдуулук, укук бузуу менен күрөшүү, мыйзамды сактоо, аскердик тарбия, спорт, коомдук бирикмелер менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж. №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана ММКда жарыялансын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков