Редакцияот 17.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  кезектеги 3 - сессиясы

 

2024-жылдын 17-июлундагы № 3-7                                                                    

 

Ж.Абдрахманов айыл аймагында турак жай-коммуналдык чарбаларын бириктирүү жана 2024 - жылга иш-планын  бекитип берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021- жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Байгазаков Б. билдирүүсүн угуп, карап, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарбаларыбириктирилсин.
  1. Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарбаларынын төрагасы жана иш-пландары  бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
  1. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага  милдеттендирилсин.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

Төраганын орун басары                                           А.К.Курманбеков