Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 4 - сессиясы

 

2024-жылдын 26-июлундагы № 4-2                                                                

 

“Муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага

берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү жөнүндө”

 

Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 4-сессиясында

муниципалдык менчиктеги обьекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО каралып жана талкууланды, Ж.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

     1.Ж.Абдрахманов айыл аймагында муниципалдык менчиктеги обьекттерди

        пайдаланууга жана ижарага  берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОсу бекитилсин.

        (ЖОБО тиркелет)

 

2. Токтомду аткаруу жагы  башчы Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык

     бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага  милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

Төраганын орун басары А.К.Курманбеков