ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин кезексиз 4 - сессиясы
2024-жылдын 26-июлундагы № 4-3
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID – 19 жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Ж.Абдрахманов айыл аймагынын АКИАнын ишмердүүлүгү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Ж.Абдрахманов айыл аймагынын АКИА АК төрайымы Жолдошбек кызы Айзаданын маалымат - отчетун угуп жана талкуулапЖ.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Ж.Абдрахманов айыл аймагынын АКИА АК төрайымы Жолдошбек кызы Айзаданын маалымат – отчету кабыл алынсын.
- Айыл өкмөт башчысы Б.Байгазаковко АКИАны жергиликтүү маанидеги
маселелерди чечүү иш – аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б.Байгазаковко жана маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан коргоо, эмгек миграция жана дин маселеси менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары А.К.Курманбеков