Редакцияот 26.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин  кезексиз 4 - сессиясы

  

2024-жылдын 26-июлундагы № 4-4                                                                

 

“Жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө”

 

Ж.Абдрахманов айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Орозакунов Дж. билдирүүсүн угуп жана талкуулапЖ.Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

 

  1. ЗАО “Альфа Телеком” компаниясына MEGA уюлдук байланышын жакшыртуу максатында антенна – фидер жабдууларын орнотууга Чоң-Өрүктү айылынын №785 контурунан  жалпы аянты -16(он алты)м2 жер тилкеси келишимдин негизинде бөлүнүп берилсин.
  1. Токтомду аткаруу жагы башчы Б.Байгазаковко жана келишим түзүү жагы жайыт

пайдалануучулардын бирикмесинин төрагасы Орозакунов Дж. милдеттендирилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, байланыш, өндүрүш, ишмердикти өнүктүрүү, жер, агрардык реформа жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү  боюнча комиссиясына тапшырылсын.
  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5- токтомунун негизинде мамлекеттик тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

 Төраганын орун басары                                                        А.К.Курманбеков