Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №6

 

« “Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын карамагындагы “Мурап” жана “Оби хаёт” Суу пайдалануучулар ассоцияларынын (СПА) ички чарбалык каналдарын жана ээси жок ирригациялык системаларды Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктун, 34-беренесинин 2-пунктун аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 05.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/194 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXХIII-сессиясы токтом кылат:

 

  1. “Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын карамагындагы “Мурап” жана “Оби хаёт” Суу пайдалануучулар ассоцияларынын (СПА) ички чарбалык каналдарын жана ээси жок ирригациялык системаларды Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков.