БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №7
« Совет айылындагы маданият үйүнө обончу, аткаруучу Аскар Ураимовдун атын коюу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын вице-мэри Ш.Сагыновдун 28.05.2024-жылкы чыгыш 01-17/843 сандуу сунушуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXXIII – сессиясы токтом кылат:
- Базар-Коргон шаарында жайгашкан Совет айылындагы Бабаш-Ата маданият үйүнө Ураимов Аскардын атын коюга макулдук берилсин.
- Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы Бабаш-Ата маданият үйүнө Ураимов Аскардын атын коюп берүүгө кеткен материалдык чыгымды эсептөө жагы мэрия кызматкерлерине милдеттендирилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |