Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №8

 

« Базар-Коргон шаарындагы №22 Алтын-Бешик, №37 Икбол, №8 Т.Мамажанова, №11 Гулнара, №49 Алтын балалык, №12 Назик балдар бакчаларына кошумча бирден тайпа ачып берүү жөнүндө ».

           

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августунда №467 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эске алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 10,11,12-пунктарын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын вице-мэри Ш.Сагыновдун 28.05.2024-жылкы чыгыш 01-17/843 сандуу сунушуна жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо,регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXXIII – сессиясы токтом кылат:

 

  1. Базар-Коргон шаарында жайгашкан Совет айылындагы Бабаш-Ата маданият үйүнө Ураимов Аскардын атын коюга макулдук берилсин.

 

  1. Базар-Коргон шаарына караштуу Совет айылындагы Бабаш-Ата маданият үйүнө Ураимов Аскардын атын коюп берүүгө кеткен материалдык чыгымды эсептөө жагы мэрия кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К.К. Анарбеков.