Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

2024жылдын 28-ноябры №2.

 

 

Кыргыз Республикасынын III Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 271  Жарлыгы, Кезектеги Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону  координациялоо боюнча уюштуруу  комитетинин жыйналышынын № 2  протоколу,  ушул меселе боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 8-октябрындагы № 272 тескемесин  аткаруу максатында  Жаргылчак  жергиликтүү кенеши  токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Кезектеги  III Элдик Курултайы 2024-жылдын 20-декабрында Бишкек шаарына чакыртылганы эске алынсын жана биринчи Элдик Курултайга айыл аймагы боюнча эки делегат шайлана тургандыгы белгиленсин.  
  2. Жаргылчак  айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайына делегатты шайлоо өкүлчүлүктүү жыйыны  2024-жылдын 7-декабрына саат 10-00гө Даркан  айылдык маданият үйүнө  чакырылсын.
  3. Жаргылчак  айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайына делегатты шайлоо  айыл элинин санына жараша 100 делегат, анын ичинен  Даркан айылынан 37, Жеңиш айылынан 17, Ак-Терек айылынан 22, Кичи-Жаргылчак айылынан 19, Чоң-Жаргылчак айылынан 5  катышуучу өкүл  шайланаары белгиленсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү графиги менен  делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрү боюнча жумушчу тобу 25 адамдан түзүлсүн жана курамы  № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага                                                                                                       Т.К.Баякунов.