БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын
2024-жылынын 08-августу №13
« Базар-Коргон шаарынын А.Текебаев көчөсүндөгү 1.26 гектар автоуналар токтоочу жайдын (Парковканын) жер тилкесинин тегерегинен 3500.0 чарчы метр жер тилкесин соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-,18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 31-майындагы №27-4136 “Кыргыз Республикасьгндагы шаарлардын, айылдардын, калктуу конуштардын ички жана сырткы келбетин иретке келтирүү, облустук, райондук шаарлардын көчөлөрүн боюнда мыйзамсыз орун алган ар кандай объектилерди соода сатык түйүндөрүн алып таштоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тапшырмасын аткарууга алып, Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевдин 05.08.2024-жылкы чыгыш 01-7/69 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Укук жана мыйзамдуулук, архитектуралык курулуш” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXXIII – сессиясы токтом кылат:
- Базар-Коргон шаарынын А.Текебаев көчөсүндөгү 1.26 гектар автоуналар токтоочу жайдын (парковканын) жер тилкесинин тегерегинен 3500.0 чарчы метр жер тилкесин соода сатык жүргүзүү багытына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Каимовго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |