Редакцияот 08.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIII сессиясынын

 

2024-жылынын 08-августу №14

 

« “Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигине кошумча акы төлөп берүү жөнүндө».

         

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,65-беренелерин аткарууга алып, “Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Көчөровтун 05.07.2024-жылкы чыгыш №2 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика,ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XХХIII-сессиясы токтом кылат:

 

  1. “Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын штаттык эмгек акылары аз болгондуктан кошумча акы (тамак аш, жол акы үчүн) төлөнүп берилсин.

 

  1. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриянын алдындагы “Айыл чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Көчөровго жүктөлсүн.

 

  1. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg  веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков.