Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКСИЗ ХVIII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын 22-сентябрындагы № 17/1

“Админстративдик-аймактык реформа жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” “Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары жана Сарай айыл аймагын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

 

2. Бириккен шаар жана айыл аймак Кара-Суу шаары деп аталсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин

төраганын м.а.

 

 

В.А.Орозмаматова