КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIX СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 24-октябрындагы № 19/2
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы №13 протоколдук чечими жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы №13 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 19-октябрындагы №13 протоколдук чечими айрым толуктоолор менен бекитилсин.
2. 2023-жылдын 9 айына карата 4110,3 сом киреше, ага кошумча шаарда бизнес форум өткөрүүгө 250,0 миң сом, райондук мамлекеттик администрациясынын борбордук аянт тарабын темир тосмо тосууга 500,0 миң сом, МЭЗ, Г.Айтиев көчөлөрүнө Ленин көчөсүнө чейин 4 ай бою, күнүнө 2 ирет суу чачууга 500,0 миң сом каржыланбай калгандыгына байланыштуу, жалпысы 4860,3 миң сом каражатын төмөндөгү иштерге каржылоого уруксат берилсин:
2023-жылдын 11-августундагы кезектеги XV сессиясынын 15/2 токтому менен үнөм жана кошумча каражаттын эсебинен каржылоого уруксат берилген иштерден Кара-Суу-Таза-Суу муниципалдык ишканасына субсидия катары каралган 200,0 миң сом, мектепке чейинки мекемелерине кеңсе товарлары үчүн каралган суммадан 400,0 миң сом жалпысы 600,0 миң сом кыскартылып, калган иштерге 1845,0 миң сом каржылансын;
- шаар мэриясынын сапар чыгымдарына 80,0 миң сом;
- күйүүчү жана майлоочу майга 55,3 миң сом;
- Жаңы жыл майрамына карата шаардагы аз камсыз болгон балдарга белек даярдоого 100,0 миң сом;
- №3 Мээрим МЧМ от казандарын оңдоп түзөөгө 400,0 миң сом;
- Ленин көчөсүнө лоток, түнкү жарыткыч, жөө жүргүнчүлөр үчүн жол курууга сметада көрсөтүлбөй калган иштерге 500,0 миң сом;
- Ленин көчөсүндөгү аллеяны жарыктандыруу, тосмо тосуу, отургучтарды орнотуу, көрктөндүрүү иштерине 400,0 миң сом;
- Рахимов атындагы орто мектебинин кичи футболдук аянтына газон төшөө сметасына кошумча каражат 382,0 миң сом;
- Шаардагы билим берүү жана мектепке чейинки мекемелеринде кооптуу жагдай пайда болгондо сигнал баскычын басууда күзөт кызматына 96200 сом;
- Рахимов мектебинин от казанынын моору кыйшайып калгандыгына байланыштуу, убактылуу зым тартууга 20,0 миң сом;
- Дем берүүчү грант эсебинен жүргүзүлгөн курулуш иштерине техникалык көзөмөлгө 250,0 миң сом;
- Кушбаков көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо максатында ишканадан тартылып бара турган жылуулук түтүктөрүн жылуулоого 100,0 миң сом;
- Шаардын керектүү жерлерине шагыл төшөөгө 400,0 миң сом;
- Айданек мектепке чейинки мекемесинин имаратын оңдоп түзөө долбоорун даярдоого 200,0 миң сом;
- Спорт бөлүмүнө 31800 сом;
- Мөлтүр булак МЧББ уюмуна актоо, сырдоо, көрктөндүрүү иштерине 106,0 миң сом;
- Нурахунов көчөсүндөгү мүрзөнү иретке келтирүүгө 100,0 миң сом;
- Кара-Суу тазалык МИ ассенизатордук автоунаага жаңы 2, тракторго жаңы 2, жалпы 4 дөңгөлөк сатып алууга субсидия 92,0 миң сом;
- “Кара-Суу Таза-Суу” МИ техникаларды оңдоп түзөөгө 100,0 миң сом;
- К.Жакыпов атындагы зээндүү балдар жатак гимназиясынын окуу корпусунун жана жатаканасынын чатырынын арткы тарабында жаан чачындын суусунун агып чыгуусун уюштуруу үчүн арыктарды жана суу түтүктөрүн орнотууга кошумча 100,0 миң сом
3. 2023-жылдын IV кварталында өткөрүлгөн жалпы тендерлер боюнча үнөмдөлгөн жана кошумча киреше акча каражаты төмөндөгү иштер үчүн каржылансын:
- Ленин мектебине “Акылдуу коңгуроо” орнотууга 80,0 миң сом;
- Кара-Суу тазалык МИ борбордук аянтка орнотулуучу балатыга жасалма бутактарын сатып алуу үчүн субсидия 100,0 миң сом;
- Спорт бөлүмүнө 150,0 миң сом;
- “Кара-Суу Таза-Суу” МИ экинчи электр линиясы менен камсыз кылууга субсидия 500,0 миң сом;
- райондук мамлекеттик администрациясынын борбордук аянт тарабын темир тосмо тосууга 500,0 миң сом
4. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
|
А.О.Назаров |