ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын ноябрь айынын 28и №3
Жаргылчак айыл аймагынын “Дөөлөт” карылар үйүнө “Санжырачы Садык Ата-Дөөлөт Ынтымак ордосу ысмын ыйгаруу жөнүндө.
Даркан айылындагы “Дөөлөт” карылар үйүнүн төрайымы З.Исмаилованын “Дөөлөт” карылар үйүнө “Санжырачы Садык Ата-Дөөлөт Ынтымак ордосу Аксакалдар санжыра маданий борбору ысмын берүүгө макулдук берүү өтүнүч кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Даркан айылындагы “Дөөлөт” карылар үйүнө “Санжырачы Садык Ата-Дөөлөт Ынтымак ордосу Аксакалдар санжыра маданий борбору ысмы ыйгарылсын.
- Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде иш алып баруу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М.С.Жаманаковго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага Т.К.Баякунов.