Редакцияот 14.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

 

2023-жылдын 14-июнундагы № 10-3

Араван айылынын тургуну Сидиков Фарходжондын Араван айылынын “Мөмө-жемиш” базарынын алдыдан жарнама тактасын орнотуу үчүн 2 кв мт жер тилкесин ижарага сурап жазган арызын кароо жөнүндө

Араван айылынын тургуну Сидиков Фарходжондын Араван айылынын “Мөмө-жемиш” базарынын алдыдан жарнама тактасын орнотуу үчүн 2 кв мт жер тилкесин ижарага сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Араван айылынын тургуну Сидиков Фарходжондын Араван айылынын “Мөмө-жемиш” базарынын алдыдан жарнама тактасын орнотуу үчүн 2 кв мт жер тилкесин ижарага берүү маселесин мыйзам чегинде кароо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

2. Сидиков Фарходжондын Араван айылынын “Мөмө-жемиш” базарынын алдыдан жарнама тактасын орнотуу үчүн 2 кв мт жер тилкесин ижарага берүү маселеси С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, комиссия тарабынан жер мыйзамдарына, архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тга жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Н. Файзуллаев