С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2023-жылдын 14-июнундагы № 10-4
Хазрат-Али спорт клубунун № 1 филиалынын бокс боюнча машыктыруучусу Ураимжанов Акмалжондын С.Юсупова айыл өкмөтүнүн адмистративдик имаратынын айланасынан бокс мектебине жаңы имарат куруу үчүн 0,045 га жер тилкесин сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Хазрат-Али спорт клубунун № 1 филиалынын бокс боюнча машыктыруучусу Ураимжанов Акмалжондын С.Юсупова айыл өкмөтүнүн адмистративдик имаратынын айланасынан бокс мектебине жаңы имарат куруу үчүн 0,045 га жер тилкесин сурап жазган арызын карап, арыз боюнча топтолгон юридикалык документтери үйрөнүп чыгып, айылдык кеңештин жер, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Хазрат-Али спорт клубунун №1 филиалынын бокс боюнча машыктыруучусу Ураимжанов Акмалжондын С.Юсупова айыл өкмөтүнүн адмистративдик имаратынын айланасынан бокс мектебине жаңы имарат куруу үчүн 0,045 га жер тилкесин берүү маселесин мыйзам чегинде кароо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Хазрат-Али спорт клубунун №1 филиалынын бокс боюнча машыктыруучусу Ураимжанов Акмалжондын С.Юсупова айыл өкмөтүнүн адмистративдик имаратынын айланасынан бокс мектебине жаңы имарат куруу үчүн 0,045 га жер тилкесин берүү маселеси С.Юсупова айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, комиссия тарабынан жер мыйзамдарына, архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тга жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н. Файзуллаев |