С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2023-жылдын 14-июнундагы № 10-5
Айыл өкмөтүнүн №4 МЧББ уюумунун жетекчиси Д.Махмудованын азыркы күндө балдар бакчасын капиталдык ремонтуна Ош облусунун өнүктүрүү фондунан сметалык баасы 1млн 218 миң 548 сомдук атайын долбор жазып, өткөргөндүгүн билдирип, айылдык кеңеши тарабынан долборду колдоп, кубаттап беришибизди суранып жазган арызын кароо жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн №4 МЧББ уюмунун жетекчиси Д.Махмудованын азыркы күндө балдар бакчасын капиталдык ремонтуна Ош облусунун өнүктүрүү фондунан сметалык баасы 1млн 218 миң 548 сомдук атайын долбор жазып, өткөргөндүгүн билдирип, айылдык кеңеши тарабынан долборду колдоп, кубаттап беришибизди суранып жазган арызын карап, депутаттардын №4 МЧББ уюмунун имаратын ремонт иштери эскилигине жетип, жараксыз абалда болгондугуна токтолуп, жетекчиси Д.Махмудованын №4 МЧББ уюмунун имаратын капиталдык ремонтуна жазган долборун колдоп, кубатоо боюнча депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Айыл өкмөтүнүн №4 МЧББ уюмунун жетекчиси Д.Махмудованын балдар бакчасын капиталдык ремонтуна Ош облусунун өнүктүрүү фондунан сметалык баасы 1млн 218 миң 548 сомдук атайын долбору колдоого алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн №4 МЧББ уюмунун капиталдык ремонтуна даярдалган долборуна керектүү болгон кошумча документтерди даярдоо, мыйзам чегинде сарпталуучу каражаттарды карыжылоо маселеси айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине жана айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары Ахматахунов Тга жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
| Н. Файзуллаев |