С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
2023-жылдын 14-июнундагы № 10-8
Айылдык кеңешнин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык кеңеши тарабынан бекитип берилген бюджетинин аткарылышы (киреше жана чыгаша бөлүктөрү) жана кошумча булактардан толукталышы боюнча каралып, кийинки кезектеги сессияга угузуу жөнүндө
Айылдык кеңешнин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык кеңеши тарабынан бекитип берген бюджетинин аткарылышы (киреше жана чыгаша бөлүктөрү) жана кошумча булактардан толукталышы боюнча каралып, кийинки кезектеги сессияга угузуу жөнүндөгү айылдык кеңешинин төрагасынын билдирүүсү угулуп, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып,
С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык кеңеши тарабынан бекитип берген бюджетинин аткарылышы (киреше жана чыгаша бөлүктөрү) толукталышы жана кошумча булактардан түшкөн кирешелер боюнча кароо жагы айылдык кеңешнин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Алимжанов А) тапшырылсын.
2. С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айылдык кеңеши тарабынан бекитип берген бюджетинин аткарылышы (киреше жана чыгаша бөлүктөрү) толукталышы жана кошумча булактардан түшкөн кирешелерди кароо менен бирге айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында угузуу жагы Алимжанов А жана ФЭБнүн башчысы Р.Базарбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын мен айылдык кеңешинин төрагасы Н.Файзуллаев өзүмө калтырамын.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н. Файзуллаев |