БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I- чакырылышынын кезектеги ХХХIV сессиясынын
2024-жылынын 29-августу №4
« “Айыл чарба” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” аркылуу лизинг жолу менен айыл чарба техникаларын алууга макулдук берүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 79-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-45-беренелерин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун 26.08.2024-жылкы чыгыш 01-17/1544 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңештин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХХIV-сессиясы токтом кылат:
- “Айыл чарба” муниципалдык ишканасына “Айыл Банк” аркылуу лизинг (насыя) жолу менен айыл чарба техникасн 7 жылга 6% пайыздык, ал эми атайын техникаларды 6 жылга 17% пайыздык төлөм менен алууга макулдук берилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
- Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш артуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |