КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (СЕГИЗИНЧИ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XV СЕССИЯСЫ
2023-жылдын 11-августундагы № 15/4
Кара-Суу шаарындагы Линейная көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу шаарынын тургундарынын арызынын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынындагы Линейная көчөсүнүн аты диний илимге өмүрүн арнаган, Курани Каримди изилдөө борборунун жетекчиси, дин аалымы шейх “Рустамов Алауддин Мансур” атындагы көчө деп атоого мыйзам чегинде уруксат берилсин.
2. Шейх “Рустамов Алауддин Мансур” атындагы көчөнү таза кармоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жакшы абалда кароо жана аты өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдарды көтөрүү жагы шейх Рустамов Алауддин Мансурдун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| А.О.Назаров |