Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-августундагы № 26/1

Жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоого карата Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинде шайлоо округдарын түзүү жана мандаттардын санын бекитүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесине жана 59-1 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 31-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXV  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоо боюнча төмөндөгүдөй көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлсүн:

 

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ БОЮНЧА

(5 округ. Калкынын саны 6140,  мандаттын саны 21.  Анын ичинен аялдар үчүн   8 мандат резерв)

 

№1 Ийри-Суу шайлоо округу (УШК №4033), мандаттын саны 5. Анын ичинен аялдар үчүн   резерв 2.

Дареги:Ийри-Суу айылы Сейденалы ата көч. №48.

Борбору: М.Байдоолотов атындагы орто мектеби.

Чек арасы: Ийри-Суу, Ак-Булун, Төш-Булак айылдарындагы Каден уулу Дуйшоко, Мукаш Батмонкоев, Сейденаалы Ата, Бексултан Бараканов, Кокон Агай, Бабакан уулу Асан, Асырымбек-Ата, Акун-Ата, Акун ата 2, Саркел-Ата, Таабалдиев Эсенкадыр, Бусурманкулов Алманбет, Капысов Адөлөт, Акунов Калык көчөлөрүнүн шайлоочулары кирет.

Шайлоочулардын саны: 993.

 

№2 Орто-Нура шайлоо округу (УШК №4034), мандаттын саны 6. Анын ичинен 2 мандат аялдар үчүн   резерв

Дареги:Орто-Нура айылы Байток ата көч. №39.

Борбору: Чет-Нура айыл өкмөтүнүн имараты.

Чек арасы: Орто-Нура айылы Байток-Ата, Стамбек-Ата, Сапарбай-Ата, Абдыкадыр-Ата, Н.Мүсүрканов, Муртаза ата, Исмаил ата көчөлөрү толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 1126

 

№3 Ак-Кыя шайлоо округу (УШК №4035), мандаттын саны 4. Анын ичинен 2 мандат аялдар  үчүн   резерв.

Дареги:Ак-Кыя айылы Мамырканов көч. №1.

Борбору: М.Бекмуратов атындагы орто мектеби.

Чек арасы: Ак-Кыя айылы Сабыркул-Ата, Тентигул-Ата, Бактыгул Чыныбеков, Асанакун Мамырканов, Садыбакас-Ата, Бексултан Султанкеримов, Жумакадыр Досмамбетов, К.Мамытов көчөлөрү толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 648.

 

№4 Чет-Нура шайлоо округу (УШК №4168), мандаттын саны 3. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн   резерв

Дареги:Чет-Нура айылы Т.Абдыкаиров көч. №27.

 Борбору: Э.Ибраев атындагы айылдык клубу.

Чек арасы: Чет-Нура айылы Абылгазы Айыпов, Сарыгул Омуралиев, Жийдебай Делдешов, Омуралы-Ата, Соодонбек Жали, Жусупаалы Иманалиев, Абас Ашымбаев, Токтомамыт Абдыкаиров көчөлөрү толук кирет. Ошондой эле Орук-Там айылынын Кемелов Жумаш, Токтогон Алымбаев көчөлөрү толук үйлөрү менен айланасындагы кыштоо сарайлар кирет.

Шайлоочулардын саны: 625.

 

№5 Орто-Саз шайлоо округу (УШК №4036), мандаттын саны 3. Анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн   резерв

Дареги:Орто-Саз айылы К.Кудайбергенов көч. Н/Ж.

Борбору: Ж.Саламатов атындагы орто мектеби

Чек арасы: Орто-Саз айылы Кадыркул Кудайбергенов, Алымкул Жунусов, Турдакун Белеков, Зарлык Мамыров, Ыскак Жумаев, Жайлообай Тулекеев, Коколой Ботояров көчөлөрү толук кирет.

Шайлоочулардын саны: 513.

 

 

2. Бул чечим Нарын аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жиберилсин.

 

 

Төрага

М. Өмүрбеков