Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылынын 28-ноябры №8

Кичи-Жаргылчак айылындагы Т.Мурзабеков  атындагы мектебинин имаратынын сыртына оңдоо  иштерин аткарууну  дем берүүчү  грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен  өздүк салым  каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кичи-Жаргылчак айылындагы  Т.Мурзабеков  атындагы мектебинин имаратынын сыртына оңдоо  иштерин аткарууну  дем берүүчү  грант аркылуу ишке ашырууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен  өздүк салым  каражатын бөлүп берүүмаксатында Жаргылчак  жергиликтүү кенеши  токтом кылат:

1.     Кичи-Жаргылчак айылындагы  Т.Мурзабеков  мектебинин имаратынын сыртына оңдоо  иштерин  аткаруу үчүн  айыл өкмөтүнүн  2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен   өздүк салым үчүн  1 451 707 сом өлчөмүндөгү акча каражатын  бөлүп каржылоого макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                         Т.Баякунов