Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-августундагы № 26/2

Чет-Нура айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдардын ысык тамагына төлөнүүчү акча каражаты жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү” мыйзамынын 26-беренесинин 7-пунктуна жана 47-беренесинин 8-пунктуна ьалдардын тамак-ашын каржылоо ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан жүргүзүү көрсөтүлгөндүктөн Чет-Нура айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жалпы жетекчилеринин кайрылуусун карап жана талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXVI  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү” мыйзамынын 26-беренесинин 7-пунктуна жана 47-беренесинин 8-пунктуна ьалдардын тамак-ашын каржылоо ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан жүргүзүү көрсөтүлгөндүктөн Чет-Нура айыл аймагынын мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жалпы жетекчилеринин кайрылуусу канааттандырылып ар балага тамак-ашына болгон төлөмү 1000 сом болуп бекитилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Чет-Нура айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерине тапшырылсын.

3.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Өмүрбеков