Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин биринчи сессиясы

 

2024-жылдын 29-ноябры №1

 

Исхак-Плотхан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешини биринчи уюштуруу сессиясына сунушталган маселелерди жана айыл окмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Ормоновдун сунушун талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Исхак-Плотхан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын, керектелүүчү статьяларга жылдырууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин (№1 тиркеме тиркелет).
  1. Исхак-Плотхан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын, керектелүүчү статьяларга жылдырууга тиркемеге ылайык макулдук берилсин (№2 тиркеме тиркелет).
  1. Токтомду аткарууга алуу Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы

       Ж. Дыкановго милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин  талаптарына ылайык  ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Араповага милдеттендирилсин.

Төрага

 

Г.Матажиев

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 29.11.2024-жылдагы биринчи уюштуруу сессиясынын  №5 токтомуна №1 тиркеме.

 

Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү   жыйындарын, жана Элдик курултайга делегаттарды шайлоону  уюштуруу тобунун курамы  

 

Төрага:  Матажиев Г.К. –айылдык кеңештин төрагасы;

Катчы: Арапова  А.-айылдык кеңештин  жооптуу катчысы;

Мучөлөрү :

Сабыржанова М. -Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башкы адиси;

 

Пазылжан кызы П.: Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн   адиси;

 

Абдусамат уулу А.  Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башкы адиси;

 

 

 

 

Жооптуу катчы                                                                          А.Арапова