САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 22-августундагы № 29
Кызыл-Шарк айылында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан курулган 60 орундуу балдар бакчасынын имаратын №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесинин карамагына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 Жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун Савай айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Шарк айылында “Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы” тарабынан курулган 60 орундуу балдар бакчасынын имаратын №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесинин карамагына өткөрүлсүн.
2. Райондук билим берүү бөлүмүнөн кадр маселеси штаттык бирдикти бекитүү жагы суралсын.
3. Керектүү иш кагаздарын даярдоо №72 Х.Таширов атындагы биилим берүү комплекси мекемесинин директоруна милдеттендирилсин.
4. Токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо, сугат суу, таза суу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Мамашов |