САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 22-августундагы № 30
Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Мыйзамынын 109-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы киреше бөлүгүнө бекитилген бюджеттеги айыл чарбага арналган жер салыгына Республикалык бюджеттен бюджеттик жогорулатууга берилген компетациясынын суммасы 291100 миң сом, 70921 бөлүмүнүн 2221 беренесине №48 Кыдырша орто мектебине электро монтаждоого жана септик каздырууга 100,0 миң сом, С.Аристанбеков атындагы орто мектебине электро монтаждоого жана септик каздырууга 100,0 миң сом, №72 Х.Таширов атындагы билим берүү комплекси мекемесине 91,100 миң сом берилсин.
3. Киреше салыгынан 1,200 миң сом бекитилсин төмөндөгү беренелерге берилсин.
4. 70821 беренесинен 2221 бөлүмүнө 150,0 миң сом ФК№38 китеп кананы оңдоп сырдоого. 70629 беренесинен 2221 бөлүмүнө 100,0 миң сом Кең-Сай айылынын көчөлөрүнө шагыл төшөөгө. 70921 беренесине жалпысы 850,0 миң сом анын ичинен акылдуу коңгуроо орнотууна 3112 бөлүмүнөн 500,0 миң сом, спорт шаймандарын алууга 3112 бөлүмүнөн 350,0 миң сом. 71092 беренесинин Савай айыл аймагындагы жардамга муктаж адамдарга 2721 бөлүмүнөн 100,0 миң сом.
5. Мыйзам чегинде иш алып баруу ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Мамашов |