САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 29-сентябрындагы № 32
Кыргыз Републикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Републикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл өкмөтү жана Сары-Колот айыл өкмөтүнүн айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.
2. Бириккен айыл аймак Савай айыл аймагы деп аталсын.
3. Бириккен Савай айыл аймагынын борбору Кызыл-Шарк айылында жайгашсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мамлекетик тил, каада салт, этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага орун басары |
| Ш.Тажибаев |