Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-августундагы № 26/6

Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин коругун корууга жана кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

 

          Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин коругун корууга жана кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө Төш-Булак башталгыч мектебинин директору А.Султанакуновдун баяндамасын угуп жана кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXVI  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын Төш-Булак айылындагы башталгыч мектебинин 1 га жер аянтынын коругун корууга 1 млн 842 миң 58 сомго жана кичи футболдук аянтча куруу үчүн 3 млн 369 миң 13 сомго даярдалган долбоорлор Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан жактырылып Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төш-Булак башталгыч мектебинин директору А.Султанакуновго тапшырылсын.

3.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

Төрага

М. Өмүрбеков