Редакцияот 29.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Савай айылдык кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын 2023-жылдын кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 29-сентябрындагы № 35

 

“Таза суу резервуарлары жайгаша турган жер аянттарын трансформациялоо жөнүндө”

 

Кыргыз республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 “Жер участокторун которуу (Трансформациалоо) жөнүндө” Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин жана 1999-жылдын 02-июнунда кабыл алынган №45 Жер кодексинин 2-главасынын 13-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Савай айыл аймагынын Октябрь айылынадагы 946 контурундагы жердин жалпы аянты 0,80 га айыл чарба багытындагы жердин котегориясын суу резеруар жайгаштыруу үчүн которууга макулдук берилсин.

2. Жогоруда аталган контурундагы жердин жалпы аянты 0,80 га жер айыл чарба багытындагы жердин котегориясын суу резеруар жайгаштыруу үчүн которуп берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик админстрациясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышан камсыз кылуу жагы Савай айыл өкмөтуно жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага  орун басары

 

Ш.Тажибаев