Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-августундагы № 26/7

Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттен өздүк салым  бөлүп берүү жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка жергиликтүү бюджеттен өздүк салым  бөлүп берүү жөнүндө  башкы бухгалтердин баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин дем берүүчү грантына даярдалган Чет-Нура айыл аймагынын Орто-Нура айылындагы маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү долбоору жактырылсын.

2.     Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 1 908 064 (бир миллион тогуз жүз сегиз миң алтымыш төрт) сом акча каражаты пландалып каржылансын жана үлүштүк дем берүүчү гранттан 5 000 000 (Беш миллион) сом акча каражатына долбоор сунушталсын.

3.     Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Султанбек уулу Эсенге милдеттендирилсин.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго, аткарылышын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Сыдыковага тапшырылсын.

 Төрага

М. Өмүрбеков