Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ДЕПУТТАРЫНЫН XXVIII ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү XXVI CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-августундагы № 26/8

 

Чет-Нура айыл аймагынын Ийри-Суу айылындагы кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

 

          Чет-Нура айыл аймагынын Ийри-Суу айылындагы кичи футболдук аянтча куруу долбоорун Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө Ийри-Суу Дүйшөн уулу Кенжебектин баяндамасын угуп жана кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  XXVI  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын Ийри-Суу айылындагы кичи футболдук аянтча куруу үчүн 3 млн 173 миң 210 сомго даярдалган долбоор Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан жактырылып Нарын облустук “Теңир тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ийри-Суу айылынын айыл башчысы Дүйшөн уулу Кенжебекке тапшырылсын.

3.     Токтомду көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.

 Төрага

М. Өмүрбеков