Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү I CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 27-ноябрындагы №1/2

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Эсептөө комиссиясынын 27-ноябрь 2024-жылдагы №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.

2. Меңдибаева Элизат Акылбековна Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

 

  

 

Төрага

С. Бектемир уулу