ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү I CЕССИЯСЫ
2024-жылдын 27-ноябрындагы №1/4
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеңешинин III Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгына ылайык, Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү максатында, Чет-Нура айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз I сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271 Жарлыгы Чет-Нура айыл аймагында жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
- Чет-Нура айыл аймагынын калкынын саны 6140 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүнжалпы саны 50 деп бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча Чет-Нура айыл аймагында Орто-Саз, Ак-Кыя, Чет-Нура, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу, Төш-Булак жана Орук-Там айылдарына калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын (№2 тиркемеге ылайык).
- Чет-Нура айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү 2024-жылдын 4-5-декабры белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
- Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Чет-Нура айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2024-жылдын 7-декбары деп белгиленсин (№ 4 тиркемеге ылайык).
- Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Султанбек уулу Эсенге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | С. Бектемир уулу |