Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 30-декабры №14

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө

Жаргылчак айыл аймагынын өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңешинин  иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин 1- чакырылышынын 2 сессиясы токтом кылат:

 

1.     Жаргылчак айыл аймагынын өкмөтүнүн, жергиликтүү кеңешинин  иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө макулдук берилсин.

2.     Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     Т.К.Баякунов