Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫнын кезектүү II CЕССИЯСЫ

2024-жылдын 25-декабрындагы №2/6

  Чет-Нура  айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясынын №23/4 токтому менен бекитилген Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

        

Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновдун баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү  II сессиясы токтом кылат

 

1.     Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.

2.     Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына Чет-Нура айыл аймагынын деңгээлинде климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча программасы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.     Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2029-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында белгиленген төмөндөгү ишке ашуучу долбоорлордун мөөнөттөрү өзгөртүлүп бекитилсин.

№

Долбоордун аталышы

2024-жылдын 5-мартындагы №23/4 токтому менен бекитилген мөөнөттөрү

Өзгөртүлүп бекитилген мөөнөтү

1.      

Чет-Нура бала бакчасына кошумча корпус куруу

2025-2028-ж.ж.

2025-ж.

2.      

Чет-Нура айылдык клубуна жылытуу системасын орнотуу жана чатырын жылуулоо

2024-2025-ж.ж.

2025-ж.

3.      

Орто-Нура айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү

2024-2026-ж.ж.

2025-ж.

4.      

Орук-Там айылына кичи футболдук аянтча куруу

2027-2029-ж.ж.

2025-ж.

5.      

Чет-Нура айылына эс алуучу парк куруу

2027-2029-ж.ж.

2025-ж.

6.      

Б.Бекжанов атындагы орто мектебинне инвентарь алуу

2024-2027-ж.ж.

2025-ж.

4.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго тапшырылсын.

 Төрага

С. Бектемир уулу