Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 30-декабры №19

 

Ибраев Акылбектин ижара акысынын төлөмүн 2025-жылга жылдыруу    жөнүндө

 

Жаргылчак айыл аймагынын Даркан айылынын тургуну Ибраев Акылбектин келишим боюнча социалдык төлөмүн кийинки 2025-жылга жылдырып төлөөгө  макулдук берүү боюнча кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айылдык кеңешинин 1- чакырылышынын 2 сессиясы токтом кылат:

 

1.    Ибраев Акылбектин келишим боюнча 2024-жылы социалдык жардамга төлөнүүчү 500 000 сом акысы 2025-жылы төлөнсүн, келишим менен кийинки жылдарга соц. төлөмдөрүн бир жылга жылдырып төлөөгө макулдук берилсин.

2.    Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Акматовго тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                      Т.К.Баякунов