Редакцияот 29.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясы

 

2024-жылдын 28 ноябры  №1/1

 

Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

Эсептөө комиссиясынын 29-ноябрь 2024-жылдагы №3/1 протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп,  Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы

№56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

                                                

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 29-ноябрындагы №3 протоколу бекитилсин.

2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын болуп Бейшеев Чынгыз Эркинбекович  шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Төрайым

С. Алышбаева